Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына Бактыбек Аманбаев барабы?
Буга чейин жалпыга малымдоо каражаттары өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Кыргыз мамлекетинин АКШдагы элчиси кызматына барат деген маалыматтарды жазып чыгышкан. Бирок тийиштүү тараптардан расмий билдирүү айта элек болчу.
Мындан улам SEREP MEDIA маалымат агенттиги бул боюнча Бактыбек Аманбаевдин өзү менен байланышып, маалыматты тактады.
“Ооба сунуш түшкөн. Бирок азырынча көп маселелер чечиле элек. Бул өтө татаал процесс. Себеби АКШ тарап дагы кандитатураны карап, макулдугун бериши керек. Буга эки айдан ашык убакыт кетип калышы мүмкүн. Ошон үчүн азыр мени бул кызматка дайындоо иштери аягына чыга элек”, - деди ал.
Бактыбек Аманбаев ишмердүүлүгүн журналистика тармагында жүргүзүп келген. Ал буга чейин "Азаттык Үналгысында", КТРКда жана бир топ кыргыз тилдүү гезиттерде редактор болуп иштеген. Ошондой эле ал буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеп, 2013-2015 жылдар аралыгында акыйкатчы да болуп эмгектенген. Ал эми өткөн жылдын октябрь айында парламенттик шайлоого "Мекенчил" саясий партиясы менен барган. Садыр Жапаров өкмөт башчынын милдетин аткарууга дайындалгандан кийин анын аппаратын жетектеген. Учурдагы жаңы курамы түзүлгөндө кызматтан бошотулган.