"Кылмышкерлер бошотулуп, жарандык активисттер кармалып жатат". "Ата-Мекен" партиясынын билдирүүсү
Учурда митингдерде, коомдук иш-чараларда, маалымат каражаттарында айтылган сөздөр, жарыяланган позияциялар үчүн күч органдары тарабынан жарандык активисттерге кысым көргөзүлүп, куугунтукталып, кармалып, камалып жаткан учурлар кездешип жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 18-мартта "Ата-Мекен" саясий партиясы социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.
Партиянын билдирүүсүнө таянсак, учурда пикир үчүн, ой үчүн, сөз үчүн жарандык активисттер куугунтукталып жатат.
"Кабыл алынып жаткан Конституцияга каршы пикир айткан, “Жетим-Тоо темир кенин Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеш керек” деп күрөшкөн Тилекмат Куренов жана башка жарандык активисттерге ар кандай катаал куугунтуктар, кысымдар болуп жатат. Уюшулган кылмыш чөйрөсүнүн адамдары түрмөдөн чыгып жаткан кезде, жарандык активисттерге мындай катаал мамиле коомдо терс кабыл алынууда. Бул аракеттер бүгүнкү бийлик жарыялаган курска элдин ишенимин төмөндөтөт. Жалпы эле биз каалаган демократиялык өнүккөн, адам укугун баалаган, бакубат Кыргызстанды курганга залакасын тийгизет. Пикир үчүн, ой үчүн, сөз үчүн куугунтуктоолор токтотулуш керек!" - деп билдирүү жасады "Ата- Мекен" партиясы.
Белгилей кетсек, "Ата-Мекен" саясий партиясынын башында учурда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев турат. Ал бул партияны 1992-жылы негиздеген.