SerepTV Logo

КУУ деканы юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

КУУ деканы юстиция министринин орун басары болуп дайындалды
Юстиция министринин жаңы орун басары болуп Канат Сманалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-мартта жаңы орун басарды министр Асель Чынбаева эмгек жамаатына тааныштырды. Канат Сманалиев буга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы болуп иштеген. 4-мартта министрдин дагы бир орун басарлыгына Зарема Аскарова дайындалган. Буга чейин Юстиция министринин эки орун басары Максатбек Есеналиев жана Манас Сарымсаков берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Unknown Author