SerepTV Logo

Кутпидин Шакиров Кадамжай районунун акими кызматынан бошотулду

Кутпидин Шакиров Кадамжай районунун акими кызматынан бошотулду
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Шакиров Кутпидин Абдырахманович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган болчу.
info