Курултайда желек маселесинен улам катышуучулар арасында уу-дуу чыкты
Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте Элдик курултайдын 1-күнү өтүп жатат. Делегат Асанбек Абдыкапаров 1992-жылдан бери туудагы “күндүн нурубу же күн карамабы” деген талкуу күчөп жатканын айтты.
"Эгер туура көрсөңөр, Жогорку Кеңеш жакшы изилдеп чыгып, өзүнүн жакшы чечимин кабыл алат деп ишенем", - деди ал.
Бул сөздөн кийин залда отургандар уу-дууга түшүп калышты.