SerepTV Logo

Курманкул Зулушев: "Прокуратура саясий куугунтук менен алектенбейт"

Курманкул Зулушев: "Прокуратура саясий куугунтук менен алектенбейт"
Прокуратура - мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн орган. Өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарынын негизинде саясаттан тыш алып барат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды. Анын айтымында, прокуратура саясий куугунтук менен алектенбейт. Бирок коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзөт. "Прокуратура саясий куугунтук менен алектенбейт. Бирок коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзөт. Бул багытта иштер жүрүп жатат жана да күчөтүлөт деп ишенимдүү айта алам. Эл оозунда айтылып жүргөн бажы, салык, медицина, курулуш жана башка тармактарда текшерүүлөр жүрүп жатат. Мен бул кызматтагы укуктарымды жана милдеттеримди саясаттан тыш болуп, так аткарышым абзел. Анткени мен үчүн мыйзам жана элдин ишеними баарынан жогору турат",- деди ал.
edita