SerepTV Logo

Курманкул Зулушев кызматынан четтетилиши боюнча үн катты

Курманкул Зулушев кызматынан четтетилиши боюнча үн катты
Кечээ, 4-июнь күнү Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу тергөө мезгилинде кызматынан четтетилген башкы прокурор Курманкул Зулушев элге кайрылуу жасады. - Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш.
Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим - мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү.