Бакиевден маек алган журналист Курултайдын төрагалыгынан кетиши керекпи? Орунбеков жооп берди
"Журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегинин тегерегинде бир топ талкуулар жүрүп жатат. Анын ичинде Кошалиевди Элдик Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабын койгондор да бар". Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жазды.
Буга чейин журналист Кадыр Кошалиев менен Курманбек Бакиев маектешкен видео жарыяланган. Ал эми УТРК Кадыр Кошалиевдин качкын президент Бакиевден алган чуулгандуу интервьюсу тууралуу расмий билдирүү таратып, улуттук телеканал Курманбек Бакиев менен маек Кошалиевдин жеке демилгеси экенин, УТРКнын ага тиешеси жоктугун айткан. Депутат Эльвира Сурабалдиева "качкын президенттен маек алган Кадыр Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок" деп айтып чыккан.