"Кумтөрдү" сырттан башкарууну 91 депутат колдоп берди. Тизме
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча баяндама жасап, Кумтөргө убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштады. Мындан тышкары мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтүн 3 айга узартуу сунушталды.
Аталган токтом долбоору жана комиссиянын иштөө мөөнөтүн 3 айга узартуу сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапты. 91 депутат "макул" деген добуш беришти жана токтом долбоор Министрлер кабинетине жөнөтүлдү.