"Кумтөр" кениндеги адамдардын өлүмү боюнча кылмыш иштери кайрадан жанданды
"Кумтөр" кениндеги адамдардын өлүмү боюнча кылмыш иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, комиссия "Centerra Gold" компаниясы менен соттошууга даяр.
«Биздин отчетто фактылар гана келтирилген. Биз имиштерге жана божомолдорго таянган жокпуз. Маалым болгондой, кенде 66 адам майып болуп, 19 киши каза болгон. Эми 2018 жана 2020-жылдары каза болгондор боюнча кылмыш иштери жанданды. Бизде компаниянын жетекчилигине нааразычылыктар бар, алар техникалык коопсуздук стандарттарын сактабагандыктан, шахта кызматкерлеринин өлүмүнө жол берилген», - деди Акылбек Жапаров.