Кумтөр боюнча келишимдерге кайсы аткаминерлер кол койгон?
"Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров 1992-жылдан бери Кумтөр боюнча макулдашууларга кол койгон жетекчилерди санап берди:
- 1992-жылы – премьер-министр Турсунбек Чынгышев, Дастан Сарыгулов;
- 1993-жылы – премьер-министр Турсунбек Чынгышев (Конституциялык келишим, парламент өткөрбөй койгон);
- 1994-жылы – премьер-министр Апас Жумагулов жана Дастан Сарыгулов, премьер-министр Жумагулов жана "СП Голд Компанин" директору Давлетов;
- 1995-жылы – «Кыргыз алтындан» Сарыгулов (бул жылы 2 ирет кол койгон);
- 2003-жылы – «Кыргыз алтындан» Камчыбек Кудайбергенов;
- 2003-жылы – премьер-министр Николай Танаев жана Кудайбергенов (бул жылы 3 ирет кол коюшкан);
- 2004-жылы – «Кыргыз алтындан» Кудайбергенов жана министр Курманбек Осмонов;
- 2007-жылы – премьер-министр Алмазбек Атамбаев (парламент таркап кеткен);
- 2009-жылы – премьер-министр Игорь Чудинов жана «Кыргыз алтындан» Жакыпов (бул жылы 2 ирет кол коюшкан);
- 2013-жылы – премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, президент Атамбаев (күчүнө кирген эмес, парламент колдобой койгон);
- 2017-жылы – премьер-министр Сапар Исаков;
- 2019-жылы – премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, президент Сооронбай Жээнбеков.
«Макулдашууларга бардык премьер-министр менен президенттер активдүү катышкан», - деди Акылбек Жапаров.