SerepTV Logo

Кулов Жапаровго “Инаугурацияга башка президенттикке талапкерлерди да чакыр” деди

Кулов Жапаровго “Инаугурацияга башка президенттикке талапкерлерди да чакыр” деди
Мурдагы өкмөт башчы, экс-депутат Феликс Кулов президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаровго багыттаган кеп-кеңештерин социалдык тармактагы баракчасына жазды. Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү бириктирүүгө даяр экенин билдирди. Эми анын сөзүнө турушун күтөбүз. Ал президенттик кызматка киришкенге дейре төмөндөгүдөй конкреттүү кадамдарга бара алмак: - Президенттик талапкерлерге жана анын жакындарына карата ойдон токулуп ачылган кылмыш иштерин токтотуу; - Президенттикке талапкерлерди, саясий оппоненттерди сүйлөшүүгө чакырып, конституциялык реформа боюнча саясий ымалага келүү жана кризиске каршы программаны иштеп чыгууну талкуулоо; - Президенттикке талапкерлерди инауграцияга катышууга чакыруу; - Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалын эске алуу менен анын бөгөт чарасын өзгөртүү чечимин кабыл алуу”, - деп жазылат Куловдун билдирүүсүндө. Экс-депутаттын айтымында, ушул жана башка көрүлгөн чаралар эл менен эл аралык коомчулук үчүн саясий кырдаал турукташып жатканынын белгиси болмок.
admin@supertv.kg