SerepTV Logo

Кубанычбек Самаковго депутаттык күбөлүк берилди

Кубанычбек Самаковго депутаттык күбөлүк берилди
Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 24-сентябрда Кубанычбек Самаковду №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. БШКдан билдиришкендей, Кубанычбек Самаковго белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды. 10-сентябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин Ленин району боюнча депутаттыкка мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда добуштарды электрондук түрдө жана кол менен саноодо Кубанычбек Самаков алдыга чыккан.
Unknown Author