Кубанычбек Жумалиев Райымбек Матраимов жаткан клиникага жаткырылганы айтылууда
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев тергөө абагынан менчик клиникага которулду. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, жергиликтүү маалымат агенттиктер жазышты.
Маалыматка караганда, эл өкүлүнүн которулганына 2 жумадай болгон. Ал олуттуу операцияга даярданууда. «Жумалиевден жүрөк-кан тамыр оорусу аныкталып, аны ооруканага которууга жүйөлүү негиздер болгон. Учурда ал олуттуу операцияга даярданып жатат», - деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта эл өкүлү «Бикард» клиникасынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө жатат. Ушул эле мекемеде Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов дарыланууда.
Депутат Кубанычбек Жумалиев февраль айында коррупцияга шектелип кармалган.