Мамлекетке 1 миллиард сом төккөн Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-апрелдеги жыйынында депутат Кубанычбек Жумалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга анын өзүнүн жазган арызы негиз болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Жумалиевдин күбөлүгү жараксыз деп табылды. Анын ордуна "Бир Бол" партиясынан кезекте турган Аманкул Токтомамбетовго депутаттык мандат жана төш белги ыйгарылды.
4-февралда парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Анда ага сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш ачылган. 12-апрелде УКМК Жумалиев мамлекеттик казынага 1 миллиард сом төккөнүн маалымдаган.