SerepTV Logo

Кубан Чороев президенттик жарышка катыша албайт

Кубан Чороев президенттик жарышка катыша албайт
Экономист Кубан Чороев президенттик жарышка катыша албайт. Жогорку Сот Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Кубан Чороев Жогорку Соттун чечимин адилетсиз деп атады. Бул соңку чечим болгондуктан, кайра каралбайт. Эске салсак, БШКнын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрдагы отурумунда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапкан. Экономист Боршайкомдун чечимине нааразы болуп, сотко кайрылган.
Unknown Author