SerepTV Logo

Кубан Чороев БШКнын чечимин сотко берди

Кубан Чороев БШКнын чечимин сотко берди
Кыргызстандын президентин шайлоого катышарын билдирген  Кубан Чороев БШКнын чечимин сотко берди. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын 30 миң кол тамгасын жаратпоо тууралуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Анын айтымында, арыз 10-декабрда берилген, алгачкы сот отуруму 12-декабрда өтөт. Эске салсак, БШКнын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрдагы отурумунда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапкан.
Unknown Author