Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду
Президент Садыр Жапаров кол койгон буйруктарга ылайык, Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду.
Кол коюлган буйруктарга ылайык:
— Нурлан Кирешеев коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Акылбек Ибраев коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Алмазбек Карасартов коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Эрлис Тердикбаев Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды;
— Руслан Мукамбетов Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="31649,31648,31647,31646,31645"]
Мындан сырткары, мамлекет башчысынын кол койгон буйругуна ылайык, Нурлан Чомоев Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.