SerepTV Logo

Коопсуздук кеңешинин катчысы Кытай тарап менен коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну талкуулады

Коопсуздук кеңешинин катчысы Кытай тарап менен коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну талкуулады

Коопсуздук кеңешинин катчылыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кытайдын тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен видео-конференция аркылуу жыйын өткөрдү. Иш-чарага ошондой эле Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты. Ведомстволук органдар аралык кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, региондо коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле «Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча диалог» ведомстволор аралык региондук кызматташтык механизминин алкагында социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча пикир алмашуу болду. Алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Unknown Author