SerepTV Logo

Коопсуздук кеңешинин жыйынында дагы бир министр сөгүш алды

Коопсуздук кеңешинин жыйынында дагы бир министр сөгүш алды

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегатты алмаштыруу 2022-жылдын июнь айына жылдырылды. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, подрядчынын шалаакылыгынан гидроагрегат өз убагында берилбей, иштен чыккан. «Кышты гидроагрегатсыз өткөрүүгө туура келет, орнотуу кийинки жайга жылдырылды», - деди ал. 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келтирилген зыянды ким төлөй турганын сурап, ага сөгүш жарыялады. «Сиз бул жаатта ушунча иштеп жатасыз, бирок өз убагында чара көрө алган жоксуз. Көмүрдүн баасын да мен кийлигишмейинче төмөндөтүү мүмкүн эмес болчу. Мен сизге сөгүш жарылайм», - деди.