SerepTV Logo

Кол чатыр карматкан прокурор президенттик аппаратка кызматка барды

Кол чатыр карматкан прокурор президенттик аппаратка кызматка барды
Нурлан Сулайманкулов Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришип, жарлыкка президент Садыр Жапаровдун кол койгонун билдиришти.

2016-жылы Бишкектин прокурору болуп турган Нурлан Сулайманкулов менен Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Таалайбек Сарыбашов Ош облусуна жетекчиси болуп турганда тартылган сүрөттөр социалдык тармактарда сынга алынган. Алардын кол алдындагылар жаанда кол чатыр кармап турушкан.