SerepTV Logo

КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт

КМШ парламенттеринин төрагалары биринчи жолу офлайн жыйын өткөрөт
КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт. Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
  • Сагиба Гафарова — Азербайжандын Милли мажлисинин төрайымы;
  • Арарат Мирзоян — Армениянын парламентинин төрагасы;
  • Маулен Ашимбаев — Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы;
  • Талант Мамытов — Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы;
  • Зинаида Гречаный — Молдованын парламентинин төрайымы;
  • Танзила Нарбаева — Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы.
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат. Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт. Ошол эле күнү Кеңештин жыйыны болуп, анда делегация жетекчилери шериктештиктин аймагында өткөн шайлоолорго Парламенттер аралык ассамблеядан катышкан эл аралык байкоочулардын ишин талкуулашат. 16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат. Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.
Unknown Author