Клара Сооронкулова: "Шайлоодо кландар Жапаровду акчалай жана адамдык ресурстар менен колдошту. Эми ал алардын барымтасында"
Шайлоодо кландар акчалай жана адамдык ресурстар менен Жапаровду колдошту. Эми ал алардын барымтасында. Бул тууралуу "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова социалдык баракчасына жазды.
Анын айтымында, Райымбек Матраимов кечээ, бийликке өзүнүн кланынын күчүн жанан ресурстук потенциалын көрсөткөн.
“Райымбек Матраимов бүгүн бийликке өзүнүн кланынын күчүн жана ресурстук потенциалын көрсөттү. Күмөн санабагыла, ал эсептешүүгө мажбур кылат.Башкача болушу мүмкүн эмес. Шайлоодо кландар акчалай жана адамдык ресурстар менен Жапаровду колдошту. Эми ал алардын барымтасында. Популисттер эки оттун ортосунда ушундайча чуркап жүрүшөт: масса менен ойноп, кландар менен сүйлөшүү жүргүзүп. Келгиле, ким жеңээрин көрөлү – ишенчээк массаларбы же амалкөй кландарбы?”,- деди ал.