Клара Сооронкулова: “Таза адамдар бирикпесек паракорлор менен атаандаша албайбыз”
Кечээ, 18-февралда үч саясий уюмдун лидерлери Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров биригип, Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна чогуу барышарын жарыялашкан болчу.
Анда "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова "прогрессивдүү күчтөр бириктик, эми биз учурдагы коррупционерлерге, мыйзамсыз иштерге каршы турабыз" деп айтты.
"Биригүү болбосо биз азыр атаандаша албайбыз, азыркы коррупционерлер менен мыйзамсыз байыгандар менен паракорлор менен. Таза адамдар бирикпесе, алар менен эч ким жалгыз атаандаша албайт. Аны баарыңар өткөн шайлоолордо көрдүңөр, күбө болдуңар. Бүл биригүү бардык Кыргызстандын жаштарына үлгү болсун", - деп билдирди Сооронкулова.