SerepTV Logo

Кенжебек Бокоев: "Азыр майда уурулуктар кылмыш болбой калды"

Кенжебек Бокоев: "Азыр майда уурулуктар кылмыш болбой калды"
Айылдагы участкалык милиция кызматкеринин статусун күчөтүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди. Анын айтымында, алар айыл өкмөтү менен тыгыз иш алып баруусу керек. Ошондой эле ал жөн эле милиция эмес, өзгөчө статуста болушу керек. "Ал айылдагы коомдук коопсуздукка жооп бериши керек. Акыркы убакта майда уурулуктар кылмыш болбой калды. Алар үч жолу же он жолу коңшусуна барып, анын майда жандыгын уурдаса, аны эч ким камабайт. Кармалганда гана айып пул салат. Бул айыл жергесиндеги жоруктарды көбөйтүп жиберди. Мурдагыдай жаза жок. Буга ИИМ чара көргөн жок. Мен ойлойм, бир эле жаран эки же үч жолу жорук жасагандан кийин жаза алышы керек", - деди ал.
edita