SerepTV Logo

Кеңешбай Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы болуп дайындалды

Кеңешбай Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы болуп дайындалды
Кеңешбай Тайлаков Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кечээ, 14-апрелде кол койгон. Ошол эле күнү Кеңешбай Тайлаков эмгек жамаатка тааныштырылган. Кеңешбай Тайлаков 2013-жылдан бери Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Аны бул кызматка ошол убактагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дайындаган. Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин Шухрат Сабиров жетектеп келген. Ал ушул жылы 9-мартта өкмөт башчы Мариповдун буйругу менен кызматынан бошотулган эле.
edita