SerepTV Logo

"Келесоолонуп эле, оозуна келгенди оттой бербеш керек". Камчыбек Ташиев талапкерлерге кайрылды

"Келесоолонуп эле, оозуна келгенди оттой бербеш керек". Камчыбек Ташиев талапкерлерге кайрылды
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Өзгөн райондук бөлүмүнө курулган жаңы имараттын ачылышына катышып жатып, парламенттик шайлоого ат салышып жаткан талапкерлерге кайрылуу жасады. "Талапкерлерге бийлик тарабынан бардык шарттар түзүлгөн соң, алар да өзүнүн эл алдындагы алып жүрүүсүнө, айткан сөзүнө өтө этият болушу керек. Сөзүм бар эле, "талапкермин" деп эле бийликтеги адамдарга акаарат кыла берүү жакшы иш эмес. Жакшылыкка алып келбейт. Бизде андай адамдарды дабдыр деп айтат, дабдыр болуп эле сүйлөй бербеш керек (ред. дөөдүрөп, "дабдыр" диалект). Түндүк тарапта муну келесоо деп айтат. Келесоолонуп эле, оозуна келгенди оттой бербеш керек. Алар өздөрүн депутат сезип, "мен эмне деп сүйлөсөм боло берет" деп ойлошот. Андай эмес. Мыйзам бар. Депутат болгондон кийин гана сүйлөгөн сөзүнө жооп бербейт. Ал эми талапкер маалында акаарат келтирип сүйлөгөн сөзүнө жооп берет. Президентти шылдыңдагандын ар бирине жооп болот", - деди ал.