"Келдибековго да берсе болмок". Ташиев дагы кимдерге сыйлык берилсе болмоктугун эсептеп өттү
"Келдибековго да берсе болмок". Ташиев дагы кимдерге сыйлык берилсе болмоктугун жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде эсептеп өттү.
"2010-жылы Ошто борбордук стадиондо 15-20 миң адам мага, Садыр Жапаровго, Ахматбек Келдибековго "Баатыр" деген наамды беришкен. Кийин ошол эле жылы Жалал-Абадда 10-15 миң адамдын катышуусунда наам беришкен. Бул сыйлыкты эл эбак эле берип койгон", - деди Камчыбек Ташиев.
УКМКнын төрагасынын айтымында, Июнь окуясында Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдыз Жолдошова жаңжалды токтотууга аракет кылган. "Бул наамды аларга да берсе болмок", - деди ал.
1-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Наамдарды тапшыруу аземинде президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн сыйлык берилгенин айтып берген.