SerepTV Logo

Казино боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынды

Казино боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынды
Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кумар оюндарына уруксат берген мыйзам долбоор 2-3-окууда каралды. Танапис жарыяланганга чейин 4 жолу добуш берүүгө коюлду, бирок өткөн жок. Танапистен кийин да добуш берүү болуп, 59 депутат "макул", 9 депутат "каршы" болду. Жыйында юрист Конституциянын 86-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мыйзам өттү деп эсептесе болорун айтты. "Мыйзамдар Жогорку Кеңештин көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат деп турат", - деди юрист. Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоор өткөнүн жарыялады. Мыйзам 3-окууда да добуш берүүгө коюлуп, 58 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды.