SerepTV Logo

Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө кайсы депутаттар каршы болушту? Тизме

Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө кайсы депутаттар каршы болушту? Тизме
Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү боюнча чечим кабыл алышты. Анда 69 депутат чечимди колдогон, ал эми 7 депутат чечимге каршы болгон добуш берди. Каршы деп добуш берген депутаттар: - Дастан Бекешев (бир мандаттуу); - Динара Ашимова ("Ыйман нуру"); - Исхак Масалиев ("Бүтүн Кыргызстан"); - Нуржигит Кадырбеков ("Ыйман нуру"); - Сеидбек Атамбаев (бир мандаттуу); - Султанбай Айжигитов ("Ыйман нуру"); - Эрулан Кокулов ("Ынтымак"). Добуш берүү журналисттер жок учурда өтүп, ал эми парламенттин аппараты добуш берүүнүн жыйынтыгын берүүдөн баш тартып жатат. Кечээ, 6-январда Дастан БекешевИсхак МасалиевКамила ТалиеваОрозайым НарматоваЭлмурза СатыбалдиевЭмил Токтошев соцтармактагы баракчалары аркылуу кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршылыгын билдиришкен болчу.