Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди (видео)
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Аны “Манас” аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды.
Токаев Кыргызстанга бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.