SerepTV Logo

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев парламентке өтүү босого чегин азайтууну сунуштады

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев парламентке өтүү босого чегин азайтууну сунуштады
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 15-январда жаңыдан шайланып келген казак парламентинин алгачкы жыйынында сөз сүйлөп, бир нече саясий реформаларды сунуштады. Алардын бири катары - партияларга парламентке өтүү босогосун 7 пайыздан 5 пайызга түшүрүү сунушун айтты. Казак президенти партияларга парламентке өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү керек деген пикирде. Казакстанда 10-январь күнү парламенттик шайлоо өтүп, 3 партия мыйзам талап кылган 7 пайыздык босого чектен өткөн. Парламенттеги басымдуу көпчүлүк мандатка Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы ээ болгон. Казак президентинин сунушун Кыргызстандын тийгизген таасири катары кабыл алууга болот. Эске салсак, өткөн 2020-жылдын 4-октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңеш шайлоолор боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, Жогорку Кеңешке өтүү босогосу 3 пайызга, күрөө акысы 1 миллион сомго түшүрүлгөн. Тийиштүү документке ал кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 11-ноябрында кол койгон.
Unknown Author