Чоң-Алайдын акими Кара-Сууга барып, Кара-Суунун акими Ноокатка кетти
Темирболот Абыкеев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды. Ал мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин тескемеси менен аким болду.
Абыкеев буга чейин Чоң-Алай районунун акими болчу.Жакыпбек Субагожоев Ош облусуна караштуу Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
Субагожаев буга чейин Кара-Суу районун жетектеп келген.