SerepTV Logo

Кара-Көлдө шайлоого катышкан 7 партия тең босого чектен өттү

Кара-Көлдө шайлоого катышкан 7 партия тең босого чектен өттү
Боршайком Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка караганда, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо 7 партия катталса, жетөө тең 7%дык босого чектен өттү. Партиялар төмөнкүдөй добуш алышты:
  1. «Замандаш» - 21,26% (7 мандат);
  2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 15,88% (5 мандат);
  3. «Энергетиктер» - 14,96% (5 мандат);
  4. «Бирге-Вместе» - 13,11% (4 мандат);
  5. «Ыйман Нуру» - 12,61% (4мандат);
  6. «Мекен Ынтымагы» - 10%; (3 мандат);
  7. «Ынтымак» - 9,02% (3 мандат).
Ошондой эле Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Кара-Көл шаарынын мэри, депутаттыкка талапкер И. Еркеевге башка талапкер тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн 12 миң 500 сом айып салынды. Маалымат үчүн айта кетсек, Кара-Көл шаарында 15 669 шайлоочу болсо, алардын 40,83% (6 397 жаран) шайлоого катышкан.
Unknown Author