Канада менен Улуу Британиянын элчиликтеринин "Кумтөргө" байланышкан биргелешкен билдирүүсү
Канаданын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги 13-майда Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы акыркы окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүү таратты.
Билдирүүнүн тексти:
«Кыргыз Республикасынын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсызданып турабыз. «Ачык акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзамга жана биздин түшүнгөнүбүз боюнча, депутаттар «Кумтөр Голд» компаниясын улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулай турган парламенттин 17-майдагы кезексиз отурумуна байланышкан окуялардын өнүгүшүнө көз салуудабыз. Бул эки окуя тең негизинен Кыргызстанга келүүчү чет өлкөлүк түз инвестициялар үчүн узакка бара турган жыйынтыктарга жеткиргенине байланыштуу тынчсыздандырат.
Таза, акыйкаттуу ишкерлик чөйрөсү COVID-19 пандемиясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде өзгөчө чечүүчү маанини ээлейт. Ал эми соодага жана чет өлкөлүк түз инвестицияга терс таасир берген чаралар кыргыз элинин ансыз да морт болуп турган экономикасына залалын тийгизет.
Биз коммерциялык макулдашуулар колдоо таап, ал эми келишпестиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен чет өлкөлүк инвесторлордун биргелешүүсү менен тез арада жана тынчтык жолунда чечилет деп ишеним артабыз».