Ташиевдин резиденцияда жашары маалым болду. Атамбаевдин буга кандай тиешеси бар?
Жергиликтүү ЖМКлар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин №1 "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында, кайсы бир үйдө эмес, мурунку президент Алмазбек Атамбаев жашаган үйдө жашарын жазып чыгышты.
- 2018-жылы экс-президент резиденциянын аймагына 89,3 миллион сомго дача курганы белгилүү болгон. Анын ичинен 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев өзү бөлгөн. Туугандарынын айтымында, мурдагы мамлекет башчынын үй-бүлөсү ал жерде бир жыл жашаган. 2019-жылы экс-президент макамынан ажыратылгандан кийин Алмазбек Атамбаев дачаны мамлекетке өткөрүп берген.