Камчыбек Ташиев Тажикстандын экс-министрине жооп кайтарды
Кечээ, 31-мартта Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи соцтармактагы баракчасында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди чала саясатчы атап, анын ишмердүүлүгүн сындап чыккан.
Көп узатпай, Ташиев Зарифиге жооп кайтарды.
«Тажикстандан Хамрохон Зарифи деген бир аксакал мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага таарынычын жазыптыр, түшүндүрө кетейин.
Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын жетекчиси катары эки тараптын делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кесиптешим Саймумин Сатторовичтин колуна Ворух анклавын чечүү боюнча биздин сунуштарыбызды болгону тапшырдым, андан башка биздин коңшу мамлекеттин дарегине бир сөз айткан жокмун.
Анда эмнеге аксакал Хамрохон жаман сөздөрдү сүйлөп, маданиятынын пастыгын жана душмандык мамилесин көрсөтүп жатат, балким, мен алардын өлкөмдүн кызыкчылыгына туура келбеген сунуштарына макул болбой койгонум үчүн болбосун? Кандай гана болбосун, мен баарын биздин жакын кошунабызга, тажик элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот! Мени каалашыңарча каралагыла, бирок улуу кыргыз элиме тийишпегиле", - деп жазды ал.