УКМК: "Ташиев тажиктерден кечирим сураган жок"
Бүгүн, 6-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөнүн делегациясы менен чек араны такташуу боюнча жолугушууда Тажикстандан кечирим сураган делген видео социалдык тармактарга тарады. Видеодо кыргыз жана тажик тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандагы учур тартылган. Анда Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкалардын катышуусун көрүүгө болот. Алардын маңдайында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов баштаган тажик делегациясы отурат. Ролик болгону 18 секунддан турат. “... кадыр-барктуу тажик эли менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоо. Биз мындай... Кечиресиз" деген Ташиев өз сөзүндө. Видеодо коңшу өлкөнүн делегациясынын айрым мүчөлөрү УКМКнын башчысынын сүйлөгөн сөзүндө жылмайып жатканын да көрүүгө мүмкүн.
УКМКнын басма сөз кызматы бул видео монтаждалганын билдирди. Комитет Камчыбек Ташиев кечирим сураган жок деп ишендирүүдө. Бирок алар видеонун түп нускасын бере алышкан жок.
https://youtu.be/mEMJVoVOGr4