SerepTV Logo

Ташиев, Матраимов, Келдибеков... Оштун экс-мэринин уулунун үйлөнүү тоюна дагы кимдер барды?

Ташиев, Матраимов, Келдибеков... Оштун экс-мэринин уулунун үйлөнүү тоюна дагы кимдер барды?

Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов 9-октябрда уулу Нурсултан Насирбековду үйлөнтүп, Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде чоң той берди. Маалыматты «Клооп" жазып чыкты.

Оштогу жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Нурсултан Шакир уулу Инстаграм баракчасына тойдо УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда тартылган видео жүктөгөн. «Урматтуу Таалай иним, урматтуу куда-кудагыйлар! Баарыңыздарды бүгүнкү жакшы кече менен, бүгүнкү той менен куттуктайм! Таалай иним, бүгүн жакшы тилек менен той кылып жатасың», — деп сүйлөгөн Ташиев.