"Ташиев колдоду". Элмурза Сатыбалдиев 14 депутаттын “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан бөлүнгөн себебин айтты
Камчыбек Ташиев бир мандаттуу депутаттарды “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан бөлүү демилгесин жактырды. Бул тууралуу журналисттерге депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы жыйын өткөргөн. Дал ошол жерден бир мандаттуу депутаттарды фракциянын бөлүү демилгеси көтөрүлгөн. "Ич ара талаш-тартыш болгон жок. Фракцияда 33 депутат көп болуп кетет экен деп, бөлүнүп иштеп көрөлү дедик. Жыйында биз ушуну сунуштадык, Камчыбек Ташиев туура тапты. Камчыбек Кыдыршаевич өзү түптөгөн партиясынын — фракциясынын жыйынына келип катышты. Биздин сунушка каршы чыккан жок, тескерисинче, колдоп койду. "Мекенчил" депутаттык тобунун президент Садыр Жапаровдун "Мекенчил" партиясына тиешеси жок. "Биз "Патриот" деп атайлы дегенбиз. Анан бир-эки депутат ал орусча сөз, кыргызчага которуп "Мекенчил" деп аташ керектигин талап кылды. Ал партия, биз депутаттык топ түздүк", — деди Элмурза Сатыбалдиев.