SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча Тажикстанга барат

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча Тажикстанга барат
Бүгүн, 15-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрөт. “Дал ушул аймакта өткөн апта ичинде куралчан аткезчилер УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, ок атылган. Самаркандектеги жолугушуудан соң, Камчыбек Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстанга кетет. 16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат. Камчыбек Ташиев мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт”, - деп жазды Ташиевдин жардамчысы.
Unknown Author