SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев Баткенге учуп кетти

Камчыбек Ташиев Баткенге учуп кетти
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге учуп кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди. Кечээ, 29-апрелде УКМК Камчыбек Ташиевдин Германияга дарыланууга 28-апрелде кеткенин билдирген эле. Көп өтпөй төрага Фейсбуктагы баракчасына кайра Кыргызстанга ооруканага жетпей кайтканын, чек арага түнү менен барарын жазган.