Камчыбек Ташиев Баткенге барып, эл менен жолукту (видео)
Бүгүн, 30-апрелде саат 11:30 чамасында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен шаарына келип, эл менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, аны менен 500гө жакын адам жолуккан. Жолугушуу облус жетекчилигинин имаратынын алдында жарым саатка жакын өткөн. Эл ага чек ара маселесин чечүүнү айтты. Ташиев жер алмашуу боюнча эч кандай сөз болбогондугун, эч кандай жер берилбестигин айтып, элди провокацияга алдырбоого чакырды.
Андан соң УКМКнын башчысы Ташиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен биргеликте Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө жөнөп кетти.
https://youtu.be/UoanMcOTJcE