SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев: "Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт"

Камчыбек Ташиев: "Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт"
Эгерде Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арага жакын аймактардын жашоочулары менен жолугушуп жатканда айтты. "Баткен облусуна өзгөчө статус бере турган болсок, анын башчысы генерал-губернатор болот. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ишке өзү коюп-алып, чечимдерди өзү кабыл алып, ушул жерде өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү болот",- деди ал. Ал мындай макам Кыргызстандагы дубандардын ичинен жалгыз гана Баткен облусу үчүн каралып жаткандыгын айтты. Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жаткандыгын айткан болчу.  
edita