Ташиев Жээнбековго дагы бир кылмыш иши козголгонун айтты. Экс-депутат УКМКнын төрагасына эмне деди?
"Камчы (ред. Камчыбек Ташиев), эркек болсоң Казакпаевдин өлүмүнөн кийин отставкага кет". Мындай билдирүүнү экс-депутат Равшан Жээнбеков жазып, видеокайрылуу жолдоду.
"Мага азыр эле Камчыбек Ташиевдин журналист Лейла Саралаевага берген маегин жөнөтүштү. Ал жерде УКМК башчысы мени Жазык кодексинин 363-беренеси (ред. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен айыптап жатат. Мен саясат таануучу Казакпаевдин өлүмүн мыйзамсыз көтөргөн экем. Ал мени УКМКга жеткирүүнү, кезектеги жаңы кылмыш ишин козгоону тапшырыптыр. Бул мен үчүн жаңылык эмес. Буга чейин мен жана жакындарыма 16 кылмыш иши козголгон. Бул ошондо 17-кылмыш иши болот. Азыр да Биринчи Май райондук сотунда отурам, демек, эми бул жерге мындан да көп келе баштайм. Мен УКМКдан коркпойм, Камчыдан да коркпойм. Сенде азыр бийлик, байлык, күч органдары бар, сен менен атаандаша албайм. Чакырсаңар барам. Отургузсаңар отурам. Мен абакты, сотту көрдүм", - деди ал.
Ал ошондой эле Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча тергөө жүрүп жаткан соң, башкы прокурордой болуп, убактылуу кызматтан четтетилишин талап кылганын айтты. "Камчы, сынды көтөрө албайт көрүнөт. Кечээги билдирүүдөн кийин мага кылмыш ишин козгойт экен. Мен даярмын", - деди ал.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналистке маек берип, Равшан Жээнбековго дагы бир Жазык кодексинин 363-беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтып, сөзүнө жооп берерин билдирген. "Равшан Жээнбеков өз сөзүндө УКМК тарабынан Марат Казакпаевге медициналык жардам көрсөтүүдөн атайын баш тартылган деген калп маалыматты айтты. Бир эле убакта анын мындай билдирүүсү - бул саясат таануучунун мезгилсиз каза болушун өз саясий максатта колдонуп жатат дегенге негиз берет", - деген Ташиев.