SerepTV Logo

Калыбек Жумадылов Ысык-Көл районунун акими кызматынан бошотулду

Калыбек Жумадылов Ысык-Көл районунун акими кызматынан бошотулду
Кечээ, 23-августта президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Буга чейин Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын жергиликтүү ЖМКлар маалымдаган болчу.
info