SerepTV Logo

Кайсы партиялар? Шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн партиялардан документтерди кабыл алуу аяктады

Кайсы партиялар? Шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн партиялардан документтерди кабыл алуу аяктады
Кечээ, 1-мартта 28 шаардык кеңешке катышуучу партиялардан арыз, документтерди кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти. Борбор калаада 1-мартка карата Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн жалпы 31 саясий партиядан арыз түшкөн. Алардын ичинен "Бирге", «Ата Журт» жана «Легалайз» саясий партиялары каттоо маалында шайлоого катышуудан баш тартышкан. Алар баштапкы төлөмдөрдү төккөн эмес. Ошондой эле "Ата Мекен" менен "Кыргызстан элинин достугу" өз маалында документтерин толук тапшырышкан эмес. Ошону менен аталган партияларды эске албаганда 27 партия каттодон өтүштү. Алар:
  • «Улутман»;
  • «Тынчтык»;
  • «Айкөл Кыргызстан»;
  • «Кыргызстан»;
  • «Ак Бата»;
  • "Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы";
  • «Замандаш»;
  • "Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы";
  • «Реформа»;
  • «Биздин эл»;
  • "Кыргызстан коммунистер партиясы";
  • «Ынтымак»;
  • «Эркин тандоо»;
  • «Ишеним»;
  • «Социал-демократтар»;
  • «Патриот»;
  • "Кыргызстан элдик демократиялык партиясы";
  • "Жашылдар партиясы";
  • «Ыйман нуру»;
  • «Эмгек»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Республика»;
  • «Элдик партия»;
  • «Эл бийлиги»;
  • Социалисттик партия;
  • «Ата Журт Кыргызстан».
Ал эми Ош шаарында шаардык кеңешке катышуу ниетин 12 саясий партия билдирип, алардын 10у каттоодон өткөн. Анткени "Элдик" жана «Ата Журт» шайлоого катышуудан баш тарткан. Ошто каттодон өткөн партиялар:
  • «Тилектештик»;
  • «Бүтүн Кыргызстан»;
  • «Бир Бол»;
  • «Ынтымак»;
  • «Ыйман нуру»;
  • «Улуттар биримдиги»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Ишеним»;
  • «Республика»;
  • «Ата Журт Кыргызстан».
420 айылдык кеңешке шайлоого катышууга арыз, документтерди кабыл алуу 10-мартта аяктайт. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтүп, үгүт иштери 12-марттан башталып, 10-апрелге чейин созулат.
Unknown Author