"Кайда экенин билбей жатабыз". Активист Тилекмат Кудайбергеновдун санаалаш инисин кармап кетишти
Активист Тилекмат Кудайбергеновдун санаалаш иниси Нурбек уулу Камчыны кармап кетишти. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Нурбек уулу Камчынын «Ханституцияга каршы» борборуна эч тиешеси жок.
"Нурбек уулу Камчыны кечээ кечинде кармап кетишиптир. Аны менен байланышуу такыр мүмкүн болбой жатат. Анын кайда экени, ким тарабынан кармалганы да белгисиз. Анын жактоочусу Бишкек ШИИБге бара жатат. Ал балдарга чалып, мени кармаганы келишти деген бойдон телефонун албай жатат",- деди ал.
Эске салсак 15-мартта Тилекмат Кудайбергеновду укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкен. Жеңиш Молдокматов Тилекмат Кудайбергеновду ИИМге караштуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалына алып кетишкенин жазган эле.
Ал эми Бишкек шаардык милициясы кечээ, 16-мартта ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген.
Тилекмат Кудайбергенов Фейсбук социалдык түйүнүнө Тилекман Куренов деп катталган.
Белгилей кетсек, 9-мартта «Ак үйдүн» жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясы болуп, анда 50дөй адам чогулган. Уюштуруучулардын башында аталган Тилекмат Куренов менен Жеңиш Молдокматов турушкан. Алар анда президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экендерин билдиришкен эле.