Жылдызкан Жолдошева: "Роза Исаковнага түштүктө коогалаң болгон жатыптыр деп бир нече ирет айткам"
"Супер ТВ" каналындагы "Саясий коктейль" берүүсүндө саясатчы, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошева конок болду. Өз маегинде ал 2010-жылы Июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган кандуу кагылыш боюнча Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги эртеби-кечпи сөзсүз каралат деген ишенимде экенин билдирди.
"Мен кагылыш болгон жатыптыр деп ошол кездеги өлкө башчысы Роза Исаковнага бир нече ирет кайрылгам. Ал чара көргөн эмес",- дейт ал.
Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыздар.