SerepTV Logo

Жылдызкан Жолдошева: "Өмүрбек Чиркешович, коркпоңуз..."

Жылдызкан Жолдошева: "Өмүрбек Чиркешович, коркпоңуз..."
"Супер ТВ" каналындагы "Саясий коктейль" берүүсүнө Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошева конок болду. "Учурда иштеп жаткан Конституцияда бийлик бутактарынын ортосунда баланс жок. Аны "Конституциянын атасы" аталган менин досум Өмүрбек Чиркешович 2016-жылы эле жоготуп алган. 2015-жылы Феликс Шаршенбаевичтин кабинетине фракция лидерлери чогулганбыз. Ошол жерде айткансыз, Жылдызкан Айтибаевна референдумду колдоп коюңуз, Атамбаев суранып жатат деп",- дейт ал. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаевдин учурда жасап жаткан иш-аракеттери жөн эле шоу. "Өмүрбек Чиркешович, коркпоңуз... Коркпойм, ырайым сурабайм, качпайм деген сөздөрдү айтуу менен сиз коркуп жатканыңызды билдирип койдуңуз",- дейт Жолдошева. Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.
Unknown Author